Биз менен байланышыңыз

Кениянын экс-президенти каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 623 | 0

Кениянын мурунку президенти Дэниел арап Мои 95 жашында каза болду.

Ал Кениянын экинчи президенти катары өлкөнү  1978-жылдан баштап 2002-жылга чейин башкарган.

24 жыл өлкө башында турган Мои 2002-жылы бийликти өлкөнүн биринчи президенти болгон Жомо Кениатанын уулу Ухуру Кениатага өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок ал шайлоодон жеңилип калган. Ошентсе да, Ухуру Кениата 2013-жылдагы шайлоодо утуп чыгып, Кениянын 4-президенти болуп шайланган.  Ал 2017-жылы кайрадан шайланып, азыркы учурга чейин өлкөнү башкарып келет.

Маалыматтарга караганда, экс-президент өмүрүнүн акыркы айларын ооруканада өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM