Биз менен байланышыңыз

Пакистан Индиядагы элчисин чакыртып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 710 | 0

Пакистан өзүнүн Индиядагы элчисин чакыртып алды. Бул тууралуу Пакистандын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Анда: «Биз Индиядагы элчибизди кеңешүү үчүн чакыртып алдык. Ал бугүн эрте менен Индиядан чыгып кетти,-деп айтылган.

Буга чейин Индия бийлиги да ушундай кадамга барып, Пакистандагы өз элчисин чакыртып алган.

Мындан сырткары пакистандан импорттолуучу товарларга 200%га чейин санкция киргизип, айрымдарынын киргизилүүсүнө тыюу салып койду.

Буга өткөн аптада Индиянын Кашмир аймагындагы ири теракт себеп болду. 45 аскердин өмүрүн алган теракты Пакистанда түзүлгөн делген «Жайшуль Мухаммед» террордук тобу жасаганы маалым болгон.

Буга байланыштуу Индия Пакистан өкмөтүн  террордук топко колдоо көрсөтүүгө айыптоодо.

Эске салсак, «Жайшул Мухаммед» тобу Кашмирдин Индиядан бөлүнүп, Пакистанга кошулуусу учүн күрөш жүргүзүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM