Биз менен байланышыңыз

Наркологиялык текшерүүдөн баш тарткан айдоочуларга айып пул жогорулады

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2019 | 603 | 0

Жаңы күчүнө кирген мыйзам жана кодекстердеги мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды иретке келтирүү боюнча 3 мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Анда «Бузуулар жөнүндө кодекске» өзгөртүү киргизүү өзгөчө каралган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, юридикалык мыйзамдар чыгарылган соң замандын талабына, шарттарга жараша дайыма өзгөрүп турат.

«Эксперттик топтун алкагында жумуш жүргүзүп жатканда айып пулдардын көлөмү боюнча көп сөз болду. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, айрым айып пулдар жогорулатылды. Алсак, мурда мас абалындагы айдоочу наркологиялык текшерүүдөн баш тартса 5 жарым  миң сом айып каралган эле. Эми бул сумма 17 миң 500 сомго көтөрүлдү«, — дейт Разаков.

Маалыматка ылайык, сот-укуктук реформанын алкагында бир топ мыйзамдарды кайрадан иштеп чыгып, аларды тепкичтерге бөлүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Анын негизги бөлүгүн окумуштуулар, укук таануучулар жана юридика илимдеринин докторлору түзгөн. ИИМ тарабынан жумушчу топко кирген 3 кызматкер тиешелүү статистикалык маалыматтарды гана берип турган.

Copyright © 2017 Maral FM