Биз менен байланышыңыз

Англия парламенти бүгүн «Брекситке» добуш берет

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 526 | 0

Британия парламенти бүгүн «Брексит» же Улуу Британиянын Евробиримдиктен бөлүнүүсүнө добуш берет. Бул тууралуу европалык басылмалар жазышты.

Узакка созулган сүйлөшүүлөр, даярдыктардан кийин премьер-министр Тереза Мэй «Брекситтин» шартын парламентке сунат. Бирок кээ бир өкмөт мүчөлөрү добуштан өтпөй каларын эмитен эле моюнга алышууда. Анткени анын шарттары оппозицияны эле эмес, бийликтеги партиянын көпчүлүк депутаттарын да канааттандырган жок. Буга байланыштуу бир нече өкмөт мүчөсү Мэй менен келише албай, кызматтан кеткен.

Негизги оппозицияны түзгөн Эмгекчилер партиясынын лидери Жереми Корбин «Брексит» сүйлөшүүлөрүндө Тереза Мэй такыр ийгиликсиз болгонун, эгер ал добуштан өтпөй калса, кезексиз шайлоо талап кыларын билдирди.

Тереза Мэй болсо «Брексит» парламенттин колдоосун таппаса Улуу Британия чачырап кетиши ыктымал деп эскертүүдө.

Бүгүнкү добуш берүү Улуу Британиянын мындан ары кандай сценарий боюнча кетерин аныктайт.

Эске салсак, 2016-жылы королдукта референдум өтүп, шайлоочулардын 51 пайызы Евробиримдиктен чыгууну колдоп добуш берген. Бирок биримдик мүчөлөрү да, Британиянын калкынын жарымы буга катуу каршылыгын билдирип келди. Серепчилердин айтымында референдумда колдоп добуш бергендердин көпчүлүгү оюнан кайра кайтканын да белгилешүүдө. Анткени Брекситтин шарттары королдук үчүн оор чыгашаларга алып келери кийин маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM