Биз менен байланышыңыз

Казакстан жаштарынын билими боюнча алдыңкы ондукка кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 504 | 0

Казакстан жаштарынын билимдүүлүгү боюнча дуйнөдөгү алдыңкы он мамлекеттин ичине кирди. Бул тууралуу өлкөлөрдун рейтингин британиялык Vouchercloud порталы жарыялады.

Аталган портал дүйнөнүн эң акылдуу 25 өлкөсүн аныктоо үчүн бир нече критерийлер боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анда өлкөлөрдөгү Нобель сыйлыгынын ээлеринин саны, жаштарынын билимдүүлүгү жана калкынын IQ деңгээли эске алынган. Жаштарынын билимдүүлүгү боюнча алдыңкы сапта болгон Сингапур, Түштүк Корея, Тайвань сыяктуу өлкөлөр Нобель боюнча 70-орундун артында калышат. Ал эми Нобель сыйлыгынын ээлеринин саны боюнча биринчи орунда болгон АКШ жаштарынын билимдүүлүгу боюнча алдынкы ондукка да кирбейт.

Бардык критерийлер боюнча эң мыкты көрсөткүчү бар «Дүйнөнүн эң акылдуу өлкөсү»-Япония деп табылды. Эң акылдуу ондукка Швейцария, Нидерланды, Кытай, АКШ, Орусия, Бельгия, Улуу Британия, Канада жана Түштүк Корея өлкөлөрү кирди.

Copyright © 2017 Maral FM