Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея менен беттеште жылдызы жанган Кутман Кадырбеков

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 1869 | 0

Азия Кубогунун алкагында беттешкен Кыргызстан-Түштүк Корея курамаларынын оюнунун эң популярдуу футболчусу кыргыз курамасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков болду. Мындай пикирин кыргыз футболунун күйөрмандары эле эмес, чет элдик серепчилер да билдиришти.

Алар өзгөчө 21 жаштагы дарбазачынын курамадагы жана биринчиликтеги алгачкы оюну экенине карабай, чебер спортчулугун көрсөткөнүн баса белгилешти.

Кутман Кадырбеков кечээги беттешке Павел Матяштын ордуна чыгып, бир нече голдук абалдарда ыкчам жана кубаттуу коргоолору менен куткарып кетти.

Кошумчалай кетсек, Кутман Кадырбеков 1997-жылы төрөлгөн. Ал учурда Бишкектин «Дордой» командасынын дарбазачысы болуп, 2018-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон.

Copyright © 2017 Maral FM