Биз менен байланышыңыз

Европаны 30 жылдын эң калың кары басты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 893 | 0

Европага жааган калың кар көптөгөн район-шаарлардагы жашоону жайлатып койду. Бир нече шаарда темир жолдор иштебей, унаа жолдору жабылып,  мектептерде окуу токтотулду. Бул тууралуу европалык басылмалар жазышууда.

Германиянын Бавария шаарында карга тыгылган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын Кызыл чырым фондунун кызматкерлери куткарышты. Ошол эле шаарда кулаган дарактын алдында калган тогуз жашар бала каза болду.

Австрияда болсо куткаруучулар Польшадан келе жатып жолун жоготкон сноубордчуларды табышты. Австриянын метеорологиялык кызматы мындай кар 30 же 100 жылда бир жаай турганын белгилешүүдө.

Мюнхен шаарында 90 авиа учуу токтотулду. Ушундай эле учактардын жылдырылуусу Франкфуртта да катталды.

Швецияда болсо бороондуу аба ырайы тундүк аймактарды зыянга учуратты.

Калың жааган кар тоолуу аймактарга кетчү жолдорду жаап калгандыктан туристтерди куткаруу иштери уланууда. Атайын бөлүнгөн куткаруучулардын топтору кооптуу райондорго жөнөтүлүп, кырсыктын алдын алуу иштери журүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM