Биз менен байланышыңыз

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чыкты

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 598 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсүн чыгарды. Ошондой эле транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттай турган атайын бланканы ишке киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочунун кимдигин аныктоо боюнча эл аралык талаптарга жооп берген жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өткөн.

Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн дизайны жакшыртылып, бир катар коргоочу элементтер камтылган. Ал жогорку сапаттагы желимден жасалгандыктан анын жасалма түрүн чыгаруу абдан кыйын.

Эске салсак, бул айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү жолку чыгарылышы. Анын иштөө мөөнөтү-он жыл. Ушундай эле желим карта түрүндөгү тарнспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү чыгаруу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM