Биз менен байланышыңыз

Президент Финансы министрин кабыл алды

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 586 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда өлкөнүн Финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Анда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, көрүлүп жаткан чаралар жана 2019-жылга карата пландар талкууланды.

Министр бюджетке түшүп жаткан салык жана башка кирешелер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоодо экономиканын жана салык салуу режимдеринин бардык факторлорун эске алуу керектигине көңүл бурду.

Мындан тышкары, Жээнбеков бюджеттин аткарылышын 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына ылайык ишке ашыруу милдетин койду.

Copyright © 2017 Maral FM