Биз менен байланышыңыз

«Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол коюлду

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 3494 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» деп жарыялоо боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Президент кол койгон жарлыкта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар “Санарип Кыргызстан 2019-2023“ Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу маанилүү милдет катары эсептөөсү керектиги айтылган.

Ошондой эле Өкмөткө 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө“ Жарлыгын 2018-2022-жылдардын мезгилине региондук саясатынын концепциясын ишке ашырууну улантуусун буйруган. Ал үчү тиешелүү функцияларды жана ыйгарым укуктарды берүү менен региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныкталвшв керектиги белгиленген.

— “Санарип Кыргызстан” деген бирдиктүү санариптик платформаларды: бирдиктүү идентификациялоо системасын, электрондук билдирүүлөрдүн бирдиктүү системасын, санариптик төлөмдөрдүн бирдиктүү системасын, „Түндүк“ ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталын жана мобилдик тиркемесин түзсүн жана киргизсин. Бирдиктүү мамлекеттик дата-борборду жана “Санарип аймак” деген муниципалдык башкаруунун санариптик платформасын түзсүн жана киргизсин, — деп жарлыкта айтылган.

Президент кол койгон документте калкка мамлекетти кызмат көрсөтүүдөгү кагаз жүзүндөгү маалыматтарды берген жана талап кылган көрүнүштү жоюуга да артыкчылык берилген.

Жогорку сотуна соттук системаны автоматташтыруу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү сунушталды.

Мамлекеттик кадр кызматына ,Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте Санариптик билим берүү технологиялары жана региондук өнүктүрүү борборун түзүү милдети жүктөлдү.

Кошумчалай кетсек, 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM