Биз менен байланышыңыз

Быйыл 47 жаңы конуштун жолдору оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2019 | 929 | 0

Быйыл Бишкектин тегерегиндеги 47 жаңы конуштун жолдору оңдолот. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жолдорго асфальт төшөлбөсө да түздөлүп, калыбына келтирилет.

Мындан сырткары, жаңы конуштарды жаратылыш газы менен менен камсыз кылуу планы бар. Анткени жарандар көмүр жаккандыктан, андан чыккан түтүн шаардын абасын булгап жатат.

«Калаадагы кара түтүнгө унаалардан чыккан газдар, ЖЭБден жана жагылган көмүрдөн чыккан түтүн себеп болууда. Мындан улам конуштарда газ менен камсыз кылууну, унааларды техникалык кароо өткөрүүнү пландап жатабыз», — дейт Түлөбаев.

Ал буга кошумча, калаада унаа тыгындарын азайтуу максатында эстакадалык көпүрөлөр куруларын белгилеп, жол чырактардын секундасы унаанын агымына жараша өзгөртүлөрүн айтты.

Copyright © 2017 Maral FM