Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ШКУ саммитин өткөрүү маселеси талкууланат

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 531 | 0

Бүгүн, 11-январда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитин Бишкекте өткөрүүгө даярдык тууралуу маалымат берилет. Коопсуздук кеңешинин жыйынын президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдык көрүү, келген конокторду тейлөө боюнча буга чейин тендер жарыяланган, ага кайсы компания катышканы 15-январда ачыкталат.

ШКУнун саммити былтыр Кытайда өткөн. Өлкө президенттери Кытайдын Циндао шаарында чогулган. 2018-2019-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

ШКУнун кезектеги саммити ушул жылдын 14-15-июнунда Бишкекте өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM