Биз менен байланышыңыз

«Семетей Султановдун стратегиясы жакшы болчу»

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 1360 | 0

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ал мындай чечими мурдатан пландалганын, эч кандай кысым болбогонун билдирди. 2012-жылдан бери Кыргызстандын футболун жетектеп келген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экендиги да айтылып жүрөт. Ушунун алкагында Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Рыскелди Мусаев менен маектештик.

-Султанов федерациянын ишине канчалык салым кошо алды?

-Өзүнүн жумуштарын жасады. Алгылыктуу ийгиликтери бар. Айрыкча жаңы технологияларды алып келе алды. Хостинг деп коюшат, ошону бул жакта өткөрдү. Жакшы адистерди чогултуп, улуттук кураманы колдоого алды.

-Президенттин негизги милдети эмне?

-Стратегияны аныктоо жана ошого жараша концепцияны бекитүү. Тышкы саясатты туура жүргүзүп, өлкө ичинде өткөн мелдештерге каражатты туура бөлүштүрүү да маанилүү. Султанов бул милдетин кандайдыр бир негизде аткарды.

-Султановдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге күйөө бала экендиги айтылып келет. Ага кайсы бир деңгээлде кысым болгон болушу мүмкүнбү? Эгер ишинин жыйынтыгы жакшы болсо, неге улантуу жолун тандаган жок?

-Ар кимдин өзүнүн жолу бар. Өзүнүн мүмкүнчүлүгүн башка жакка бургусу келсе керек. Былтыр бул боюнча айрым сөздөр чыккан. Бирок аны кетирүүгө так далил жок да. Эч ким кет деген жок, калып иштей берсе да болмок. Иши боюнча маанилүү деле кемчиликтери жок болчу. Аткаруу комитетинин декабрда өткөн жыйынында айрым сындар айтылган. Бирок анын жалпы стратегиясы жакшы болчу. Бул кызмат бир эле улуттук курама команда менен чектелбейт. Анын ичинде каржылык маселелер да бар. Акыркы кездерде өзүн чарчаңкы сезип жүргөн.

-Азия Кубогуна көтөрүлүп футбол өнүгө баштады. Бул ишти улантуу үчүн эми анын ордуна ким келиши мүмкүн? Көзгө басар талапкерлер барбы?

-Азыр баары күмөн. Эч ким эч нерсе айта албайт. Болжолдуу түрдө 5-6 талапкер болсо керек. Бирок расмий түрдө жылдырылган соң так маалымат болот.

-Ал кызматка кандай адам келиши керек деп эсептейсиз?

-Негизгиси, өзүнүн тармагы боюнча мыкты адис болушу керек. Тармакты билбеген адис болсо, андайдын кереги жок. Топ менеджерлик артыкчылыгы бар болушу шарт. Акыркы мезгилде маркетинг деген багыт маанилүү болуп келе жатат. Ошону да жакшы өздөштүргөн болбосо, акчаны жыйноо жана аны коротуу кыйын болот. ФИФА жана АФК берген акчаларды коротуп эле отуруу туура эмес.

 

Copyright © 2017 Maral FM