Биз менен байланышыңыз

2018-жылда Кыргызстанда доллар 1,5 пайызга өскөн

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 579 | 0

2018-жылдын башынан тартып 2019-жылдын 8-январына чейин Кыргызстанда доллар 1,5 пайызга өскөн. Башкача айтканда 68,8395 сомдон 69,84 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Жолугушуу учурунда валютанын рыноктогу абалы, акча-кредиттик саясат, банк секторундагы абалдар жана ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун сактоо үчүн көрүлүүчү чаралар талкууланды.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков улуттук валютанын эффективдүүлүгүн сактоо маанилүү экендигин белгилеп, банктык системадагы туруктуулукту сактоо керектигин айтты. Ошондой эле, мамлекет башчысы өлкө аймактарында POS-терминалдарды жана банкоматтарды көбөйтүүгө буйрук берди.

Copyright © 2017 Maral FM