Биз менен байланышыңыз

«Бизнес-акыйкатчы бийликке жакын болбошу керек»

Пикирлер | 10 Янв 2019 | 903 | 0

Бизнес-акыйкатчы ишкердик менен алектенип көргөн, бул чөйрөдөгү көйгөйлөрдү билген бирөө болушу керек. Бул тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, региондордорду жана ал жактагы ишкерлердин маселелерин жакшы билген бирөө бизнес-омбудсмен болушу зарыл. Анткени ал Бишкетеги эле эмес, аймактарлагы көйгөйлөрдү дагы чечиши керек.

«Бизнес-омбудсмендикке азыртан эле өкмөткө жакын кишини дайындайбыз деген кадамдар бар. Бирок бизнес-акыйкатчы бийликке жакын адам болсо, анда Бизнес-омбудсмен институту көз карандысыз болбой калат. Талапкерди бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү да, өкмөт да, эл аралык донорлор дагы колдосо жакшы иштейт. Бирок ар бир бизнес биримдигинин мамлекеттик органдар менен болгон мамилеси бар. Андыктан мамлекеттик органдардын айтканын аткарууга кызыктар ассоциациялар бар«, — дейт Ажыкулов.

Анын айтымында, Бизнес-омбудсмен Институнун командасы бизнестеги көйгөйлөргө жараша түзүлүшү керек.

«Бул интситутка статус, ыйгарым укук берүү үчүн анын байкоочу кеңешинин курамына өкмөттүн дагы мүчөлөрү кириши керек. Байкоочу кеңеши түзүлгөн соң талапкерлердин аты айтылып, акыйкатчыны тандоо ачык болушу керек. Украинада чет өлкөлүк жаран бизнес-акыйкатчы болуп жакшы иштеп келе жатат. Бирок Кыгызстандын шартында бизнес-омбудсмен жергиликтүү жаран керек. Акыйкатчы менен иштешип жатып аларын билим деңгээли жогорулашы мүмкүн«, — дейт Ажыкулов.

Анын айтканына караганда, Бизнес-омбудсмен Институтуна 5 жылга 1,5 млн доллар бөлүнөт. Бирок Ажыкулов ишкерлердин кызыкчылыгын, укугун коргоодо, облустарга мекеменин кеңселери ачылса, бул каражат жетпей калышы мүмкүн экенин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM