Биз менен байланышыңыз

Сирия: Вашингтон-Анкара сүйлөшүүсү оң натыйжа берген жок

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 452 | 0

АКШнын президентинин эл аралык коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон баштаган топ  Сириядагы аскерлердин чыгарылуусу, күрддөрдүн коопсуздугунун корголуусу жана ИШИМ менен күрөштүн улануусу боюнча сүйлөшүү үчүн Анкарага келди. Ушундай эле макамдагы түрк делегациясы менен болгон эки сааттан ашуун сүйлөшүүдөн кийин чогуу маалымат жыйын өткөрүшпөстөн кайтышты.

Бирок андан кийинки айтылган эки тараптын, өзгөчө түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын сөздөрүнөн улам Сириянын түндүгүндөгү күрд калкынын коопсуздугу тууралуу маселе ачык бойдон калганы маалым болду.

Вашингтон түрк тарап күрддөрдүн коопсуздугуна кепилдик берсе гана өз аскерлерин аймактан алып чыгарын билдирсе, түрк тарап алар террорист экенин, Түркия үчүн да чоң коркунуч жаратарын айтып соккуга даяр турганын жана бул үчүн эч кимден уруксат сурабасын билдиришти. Ошондой эле Америкадан күрд топторуна таратып берген куралдарын кайра алып, Сириянын оппозициялык күчтөрүнө берүүсүн талап кылганын да кошумчалашты.

Эске салсак, 2011-жылы башталган Сириядагы жарандык согушка 2500гө чукул аскерин киргизген АКШ аларды кайра кайтарып жатканын айткан. Бирок бул үчүн аймакта көзөмөл жүргүзүүчү турк куралдуу күчтөрүнүн күрд топторуна кол салбоосун жана ИШИМ террордук тобу менен курөштү улантуусун талап кылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM