Биз менен байланышыңыз

Франция «сары кемселчендерге» катаал чара көрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 562 | 0

Франция бийлиги жети аптадан бери уланып келе жаткан «сары кемселчендер» нааразылык акцияларынын катышуучуларына карата катаал чараларды көрөрүн жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Эдуар Филипп телеканал аркылуу билдирди.

Ага ылайык митингчилердин беткап кийүүсүнө тыюу салынат. Жарандардын бизнестерине, мүлкүнө  келтирилген зыянды митингчилер төлөйт. Ошондой эле акцияларда бейбаштык кылгандарга митингге катышууга уруксат берилбейт. Коомдук тартипти камсыздоо үчүн 80 миң кызматкер тартылат.

Президент Эммануэл Макрон декабрда митингчилердин талабына ылайык, бензинге болгон салыкты көтөрүүнү токтоткон. Бирок анын жаңы жылдык кайрылуусу кыйла олуттуу жана катаал мүнөздө болуп, пландалган реформалар ишке ашарын эскертти.

Эске салсак, 17-ноябрда башталып ар дем алыш күндөрү уланып келе жаткан «сары кемселчендер» митингине эң көп 280 миңге чейин адам катышты. Алар январдан тарта көбөйөрү айтылган күйүүчү май салыгына жана баалардын өсүүсүнө нааразылык билдирип чыгышкан. Акциялар башаламандык менен коштолуп, кеминде алты адамдын өмүрүн алды. 1400дөн ашуун адам жаракат алды. Бир нече полис унаасы өрттөлүп, талкаланды.

 

Copyright © 2017 Maral FM