Биз менен байланышыңыз

«Трамп дубалы» арасат абалда

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 534 | 0

АКШ менен Мексиканын ортосуна курууну убадалаган Трамптын дубалынын курулушу арсар бойдон калууда. Дональд Трамп өзү бул боюнча позициясын бир нече ирет өзгөрттү. Президенттик шайлоо учурунда эч кимде жок дубал курарын, бул үчүн Мексика түздөн-түз каражат бөлөрүн айтса, кийин бул үчүн Мексикадан каржылоо болбосун айтып, мамлекеттик бюджеттен 5 млрд доллар бөлүүнү сураган. Бирок сенат дагы, конгресс дагы муну кабыл албай, «мындай обу жок ишке бир тыйын дагы бөлбөсүн» айтып келишет. Президенттин партиясы болгон Республикачылар гана 1,6 миллиард долларды чек ара коопсуздугун бекемдөөгө бөлүүнү сунуштоодо.

Бул апта болсо АКШ президенти түштүк чек арадагы дубалдын негизги бөлүгүндөгү дубал оңдолуп, кээ бир бөлүктөрү жаңыдан тосулуп бүткөнүн кабарлады. Буга кошумча, эми Мексика тарап мурда кол коюлган макулдашуу боюнча каржы бөлөрүн да билдирди.

Бирок Трамп айткан макулдашуу АКШ сенаты тарабынан ратификацияланган эмес. Ал эми жалпы узундугу 3145 км болгон түштүк чек аранын 60 км бөлүгү гана бетонго алмаштырылганы маалым болду. Президент айткан дубалды тосуу үчүн 33 миллиард доллар керектелет.

Кошумчаласак,  Американын Мексика менен  чек арасы өлкөгө кирген мыйзамсыз мигранттардын жана баңгизаттын кан жолу болуп саналат. Негизги агым Латын Америкасынан барган менен дүйнөнүн булуң-бурчунан кеткен мигранттар да дал ушул түштүк чек арадан киришет. Президент Трамп бул көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу деп бетон дубалын курууну сунуштап келет.

Copyright © 2017 Maral FM