Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айып пулду эрте төлөгөндөргө жеңилдик берилиши мүмкүн

Пикирлер | 8 Янв 2019 | 809 | 0

Айып пулду эрте төлөгөн жарандарга жеңилдик берилиши мүмкүн. Учурда бул маселе Жогорку Кеңеште каралып жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаран айып пулду 10 күндүн ичинде төлөсө белгиленген суммадан азыраак айып төлөө маселеси каралууда. Мындай сунуш эл өкүлдөрү тарабынан да берилип жатат.

Маалыматка ылайык, жарандар айыпты жеринин төлөөгө милдеттүү эмес. Бир айдын ичинде каалаган банк аркылуу төлөсө болот.

«Айып пулду бөлүп төлөөгө болбойт. Эгер ал 1 айда төлөнбөсө, ар бир күнгө 0,05% туум жазылат. Туум салынган айып пулдун көлөмүнө жетсе токтотулат андан ары узартылбайт. Эгер айдоочу айыпты 3 жыл ичинде төлөбөсө, унаасын убактылуу токтотуучу жайга коюу сыяктуу чаралар көрүлөт. Мындан сырткары айдоочу милициянын протоколу менен макул болбосо, анда биздин башкармалыкка кайрылса болот. Комиссия текшерет, протокол мыйзамсыз болсо, анда ал кыскартылат. Ал эми кызматкерге тартиптик чара көрүлөт», — дейт Саркулов.

Ал буга кошумча, айдоочулар мыйзам бузган кызматкерди сүрөт жана видеого тартып алууга укуктуу экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM