Биз менен байланышыңыз

Энес Кантер: Коопсуздугумдан чочулап жатам

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 796 | 0

NBAнын мыкты баскетболчусу, америкалык New York Knicks клубунун оюнчусу түркиялык Энес Кантер өмүрүнө кол салуу тууралуу коркутуулардын айынан 17-январда Англияда өтө турган беттешке катыша албай турган болду. Бул тууралуу анын Твиттер баракчасындагы маалыматына таянып Би-би-си жазды.

Энес Кантер дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана Кызмат кыймылына карата жасалган куугунтук жана каралоолор үчүн түрк бийлигине ачык сындарды айтып келет. Мунун айынан түрк өкмөтү баскетболчунун Түркия паспортун жокко чыгарып, жарандыктан сызып салган. Бул спортчуга бир катар тоскоолдуктарды алып келген менен ал өз оюнан кайтпасын билдирип келет. Буга байланыштуу өзүнүн Твиттер баракчасында:

«Мен өз дарегиме айтылган жүздөгөн коркутууларды алдым. Бирок Түркияда эмнелер болуп жатканын дүйнөгө жар салып айта берем. Адам укугу кандай тебеленип жатканын бары билсин. Мекенимин абалы NBAдан да, баскетболдон да маанилүү»,-деп билдирген.

Кантер Англияда түрк өкмөтү түздөн-түз чагым уюштурбаса да, мындай кадамга барчу ондогон Эрдоган күйөрмандары бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, атактуу баскетболчу 2015-2017-жылдарда NBAнын эң мыкты баскетболчусу наамына башкы талапкерлердин сабында жүрдү. Анын атасы Фетхуллах Гүленди колдойт деген кине менен 2017-жылы кармалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM