Биз менен байланышыңыз

Талибдер 5 афган аскерин набыт кылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2019 | 522 | 0

Талибан террордук тобунун мүчөлөрү Афганистандын Кандагар аймагындагы аскердик лагерге кол салышты.

Бул тууралуу Синьзуа агенттиги маалымдады.

1-январдын түнүндө болгон кол салуудан беш аскер набыт болуп, жетиси жаракат алды.

Талибдердин декабрь айындагы жардыруусунан улам ондон ашуун жаран каза болгон болчу.

Эске салсак, Талибан террордук тобу 1996-2001жылдары Афганистанда бийликти басып алып, өз өкүмүн жүргүзүп турган. Кийин эл аралык күч тузүмдөрүнүн жардамы менен өлкөдөн сүрүлгөн топ Пакистандын түндугүндөгү Вазиристан аймагын ээлеп алышкан. Афган мамлекеттик куралдуу күчтөрү менен талибдердин ортосундагы кагылышуу 1994-жылдан бери уланып келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM