Биз менен байланышыңыз

Ашраф Гани Ооганстандагы согушту токтотууда ШКУну жардамга чакырды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 592 | 0

Наркотика, терроризм жана согуш Ооганстан үчүн негизги чакырыктар болуп эсептелет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Мохаммад Ашраф Гани Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде айтты. Анда Гани бул коркунучтар үчүн күрөшүүдө бардык жардамга ачык экенин билдирди.

— Ооганстанда наркотика иштеп чыгарган 53 лаборатория жок кылынды. Аларга каршы чогуу күрөшүүбүз кажет. Өлкөдө коопсуздукту орнотуу үчүн миллиарддаган долларлар керектелет. Ооганстанда согуш басыла элек. Бул аймакта зордук-зомбулукту азайтуу жана дүйнөдөгү бардык өнөктөштөр менен бирге улуттук жана аймактык кызматташтыктын негизинде саясий чечим кабыл алуу зарыл. Бул үчүн Талибандар менен да консенсуска келүү керек.

Мындан тышкары, 2020-жылы Ооганстанда өтө турчу президенттик шайлоого ШКУ өлкөлөрүн байкоочу катары катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, ШКУга Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия мүчөлүк кылат.

Саммитке байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да келген.

Copyright © 2017 Maral FM