Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Талибан абагындагы 53 адам бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 562 | 0

Ооганстандын Коопсуздук күчтөр кызматы «Талибан» радикалдык кыймылынын түрмөсүндө жаткан 53 адамды боштондукка чыгарды. Бул тууралуу Khaama Press агенттиги билдирген.

Аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөр министрлигинин маалыматына ылайык, эркинен ажыратылгандар Орузган аймагында жүрүп жаткан операциянын негизинде чыгарылган.

Учурда Ооганстанда  буга чейин өлкөнүн белгилүү жерлерин ээлеп келген «Талибан» радикалдык кыймылынын башкаруу күчүнө жана аскерлерине каршы аракеттер жасалууда.

Куралдуу күчтөр жана коопсуздук министрлиги Ооганстандын жалпы аймактарында терроризм менен күрөшүү операциясын жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM