Биз менен байланышыңыз

Бразилиянын жаңы башчысы кызматка киришти

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2019 | 568 | 0

Бразилиянын жаңы президенти Жаир Болсонару кызматка киришүү антын берди. Анын инаугурациясына жүз миңдей жаран катышты.

Ашкере оңчул деп билинген Жаир Болсонару өзүнүн сөзүндө социализмди кулатып, мамлекетти жаңыдан оңдоп-түзөрүн убадалады.

«Биз жарандарыбызды кайрадан биримдикке алып келебиз. Үй-бүлөө институтун куткарабыз. Салттуу динибиздин баалуулуктарын жандантып, гендердик бузуку саясатты жок кылабыз!»,-деп белгиледи.

«Тропикалык Трамп» деген лакабы менен белгилүү Болсонаруну АКШ президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасынан куттуктап, «Эң мыкты киришүү» деп баалады.

Эске салсак, октябрдагы президенттик шайлоодон жеңип чыккан Жаир Болсонару улутчул, диний баалуулуктарга ыктаган адам катары белгилүү. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда тек жыныстуу үй-бүлөөгө каршы экенин, аялдардын биринчи милдети саясат эмес, үй-бүлө жана бала тарбиясы экенин белгилеп, өлкөнүн башкы көйгөлөрүнөн болгон коомдук коопсуздукту сактоо үчун жарандарга курал алып журүүгө уруксат берген мыйзамды жокко чыгарарын жана коррупция менен аёсуз күрөш жургузөрүн убадалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM