Биз менен байланышыңыз

Бразилия президенти өлкө коронавирусту жеңгенин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 338 | 0

Бразилия коронавирус пандемиясын жеңди. Бул тууралуу өлкө президенти Жаир Болсонару билдирди.

«Өкмөт пандемиянын терс кесепеттерин азайтуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасады», — деди Болсонару.

Ал чакан бизнести насыя менен колдоо чаралары көрүлүп, социалдык жөлөк пулдар төлөнүп, 65 млн адам алганын жана медициналык жардамды уюштуруу үчүн облустук администрацияларга каражат бөлүнгөнүн эске салды.

Бразилиянын президенти жергиликтүү басма сөздү «бул жаатта федералдык борбордун ийгилиги жөнүндө эч нерсе айткан жок» деп айыптады.

Анын айтымында, чет элдик маалымат каражаттарында Бразилия пандемиядан эң аз жабыркаган өлкөлөрдүн катарына киргенин жазышууда.

Учурда Бразилия коронавирустун саны боюнча дүйнөдө АКШ жана Индиядан кийин 3-орунда (4,2 млн. учур) жана илдеттин өлүмү боюнча АКШдан кийин 2-орунда (129,000ден ашык) турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM