Биз менен байланышыңыз

550 киши кыргыз жарандыгын алды

Кыска кабар | 2 Янв 2019 | 1334 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков  Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 550киши өлкө жарандыгын алды. Алардын ичинен 461 киши чоңдор жана 89 жаш бала бар.

Жарандык алууга арыз жазгандардын басымдуу бөлүгү  этникалык кыргыздар. Алар мурда жашаган өлкөлөрүнөн тарыхый ата журтуна кайтууну чечишкен.

Эске салсак, декабрдын соңунда ушундай эле жарлык менен 300 дөн ашуун адам кыргыз жарандыгынан чыгарылган. Алардын көпчүлүгү да этникалык азчылыкты түзгөн улуттардын өкүлдөрү болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM