Биз менен байланышыңыз

Кылмыштардын бирдиктүү реестри ишин баштады

Кыска кабар | 2 Янв 2019 | 570 | 0

1-январдан тарта Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри ишке кирди. Ага борбордогу Горький-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги саат 00:03тө болгон жол кырсыгы биринчилерден болуп катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Эми эски мыйзамдагы «кылмыш ишин козгоо» процесси жоюлуп, сотко чейинки өндүрүш кылмыш тууралуу маалымат реестрге келип түшөрү менен башталган болуп саналат. Бул аралыкта жарандар жактоочулардын кызматын пайдалана алышат.

Бирдиктүү реестрди ишке ашыруу үчүн Башкы прокуратурага 102 млн сом, Ички иштер министрлигине 6 млн сом жана Жаза аткаруу кызматына 21 млн сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирди.

Copyright © 2017 Maral FM