Биз менен байланышыңыз

Эс алуу күндөрүн кантип туура өткөрүү керек?

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 1707 | 0

“Жаңы жылдык майрамдарды жана эс алуу күндөрдү кантип өткөрүү керек?”, — деген сыяктуу суроолор көпүлүктүн тынчын алып жатса керек. Анткени ушул убакытты чыдамсыздык менен күтүп келебиз. Эгерде бул тууралуу жок дегенде бир жолу ойлонсоңуз, анда бул макала сиз үчүн. Жаңы жылдык эс алууну кантип кызыктуу, кымбат эмес жана пайдалуу кылып өткөрүү керектиги жөнүндө сөз болот.

1-январга эч нерсени пландабаңыз

Эс алуунун алгачкы күнүндө конкреттүү бир планды ишке ашырууну ойлонбой эле коюңуз. Практика көрсөткөндөй, жаңы жылдан кийинки күндүн биринчи жарымы уйкусуроо, чарчоо, алсыздоо менен өтөт. Андан кийин эмне менен алек болуу керектиги күтүүсүздөн болгон чечим болушу ката болбойт.

Кимдир бирөө конокко, кинотеатрга барышы мүмкүн. Ал эми дагы башкалары куттуктоого үлгүрбөй калган болсо, аларга чалып, сүйлөшүү менен алаксыйт. Ал эми кээ бирөөлөр убакытты жөн гана үйдө керебетте жатуу менен өткөрүшөт.

Таза абага чыгыңыз

Күнүмдүк турмушта биз таза абага көп чыкпайбыз, ошондуктан эс алуунун экинчи күнүн толугу менен пайдалануу керек. Жакындарыңыз менен тоо-лыжа базаларына барып коньки, лыжа тээп көңүл ачып келиңиз. Эмне үчүн таза абага чыгуу маанилүү? Таза аба миңдеген кан айлануучу тамырлардын иштешин, дем алууну жана зат алмашууну жакшыртат. Иммунитетти да көтөрөт. Жүрөктүн, баш мээнин иштешин активдештирет. Артериалдык кан басым калыбына келет. Ошондуктан бул кышкы эс алуу ден соолукту чыңдап алуу үчүн эң ыңгайлуу учур.

Кино көрүңүз

Эгерде коньки тебем деп суукка урунуп калсаңыз, же бийиктиктен, сууктан оолак болууну тандасаңыз, анда үйдө эле кайсы бир тасманы көрүп, күндү өткөрсөңүз болот. Мисалы: “Үйдө жалгыз” (“Один дома”), “Бул бактылуу жашоо” (“Это счастливая жизнь”), “Карнавалдык түн” (“Карнавальная ночь”) жана башка тасмаларды көрсөңүз болот.

Ал эми эс алуунун төртүнчү күнүн балдарыңызга китеп окуп берүү менен өткөрүңүз. Балким алар сиз  бала кезиңизде окуган чыгармаларды уккан эмес чыгар. Бул сизге унутта калган атмосферага чөмүлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сиздин мээңиздин иштешине жардам берип, ой жүгүртүүңүздү да жакшыртары эсиңизде болсун.

Тазалык кылыңыз

Кийинки күндү үй ичин тазалоо менен өткөрсөңүз болот. Тазалоо учурунда эски, керектен чыккан кийимдерден, оюнчуктардан, тиричилик буюмдарынан арылыңыз. Мындай салтты көпчүлүк улуттар колдонушат. Үйүңүздүн ичиндеги эмеректердин ордун алмаштырып, бөлмөнүн дизайнын алмаштыруу да сунушталат. Мындай өзгөрүүлөр майда болгону менен сиздин психологияңызга таасир берип, ыңгайлуу сезимди тартуулайт.

Пландаңыз

Жаңы жыл — сизге берилген жаңы мүмкүнчүлүк. Эгерде сиз ушундай эле күн өткөрүп жүрө берсеңиз, көз ачып жумганча кийинки жыл жаңырат. Ошол себептүү артка кылчайып карап, жаңы жылга пландарды коюңуз. Бир гана жумушта эмес жеке жашоого да маани берип, жаңы нерселерди үйрөнүүгө да аракет кылсаңыз болот. Негизгиси, максаттарыңыз, пландарыңыз бир жерге жазылуу болсун. Аны убакыттын өтүшү менен окуп, мээңизге «буйрук» берип туруңуз.

Үй-бүлөгө көңүл бөлүңүз

Алтынчы күндү үй-бүлөңүз менен чогуу өткөрүңүз. Негизинен күнүмдүк тиричилик жумушта өткөндүктөн, көбүнесе адамдар балдары менен сүйлөшүүгө үлгүрбөй, алардын кызыкчылыктарына маани бербей калышат. Мындай жагдайда алар менен акыркы жолу чогуу отуруп үй-бүлөлүк сүрөттөрдү качан көрдүңүз эле деген суроо туулат. Ошондуктан балдарыңыз, жакын туугандарыңыз менен биргеликте катылып жаткан альбомду алып чыгып, өткөн окуяларды эстеп, маектешип ырахат алыңыз.

Copyright © 2017 Maral FM