Биз менен байланышыңыз

Террордук топтун мүчөлөрүнүн балдары Орусияга алып келинди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 833 | 0

Ирак жана Сирияда согушкан ИШИМ террордук тобуна кошулуп кеткен орусиялыктардын балдарынан 14 эркек бала жана 16 кыз Багдаддан Москвага алып келинди. Бул жыл ичинде алып келинген эң ири топ болду.

15 жашка чейинки 30 бала Орусияда төрөлүп-өсүп, ата-энеси Иракка алып кеткендер. Алардын ата-энелери Багдаддагы абакта олтурушат. Алардын бир нечеси соттун өкүмүн күтсө, калгандары өмүр бою эркинен ажыратылгандар.

Бүгүнкү күнгө чейин Багдаттагы абакта кармалган балдарды мекенине кайтарууга активдүү катышкан Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров балдардын жыйрма төртү Дагестандан кеткендер, үчөө Грозныйдан, калгандары Москва менен Пензадан экенин кабарлады.

Эске салсак, ИШИМ террордук тобу Ирак менен Сирияда өз бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөн. Пайда болгонуна төрт жыл өткөн соң Ирактан сүрүлүп, калган топтору Сириянын чет-жаатында иш аракетин жүргүзүүдө. Ага КМШ өлкөлөрүнөн да миңдеген жаран катылып, көпчүлүгү набыт болгону кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM