Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сыйлыктар ээлерин тапты

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 3150 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык мамлекеттин ар түрдүү тармагында эмгеги сиңген 167 кызматкер ар түрдүү даражадагы мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Арасында IIжана III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» медалы, «Эмгек сиңирген…» деген наамдар менен бирге президенттин ардак грамотасы бар.

Мисалга алсак, мурунку Коргоо министри Исмаил Исаков II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланса, ЖКтин депутаты Абдимуктар Маматов «Даңк» медалы менен сыйлангандардын арасында. Ал эми белгилүү куудул Абдылда Иманкулов «Эмгек сиңирген артист» наамын алса, композитор Атайбек Бөдөшев «Эл артисти» наамына татыды.

Кошумчалай кетсек, ардактуу наам алгандардын арасында Жолборс Жоробеков, Канымжан Жаманбаева жана манасчы Рыспай Исаковдор да бар.

Наам алгандардын толук тизмеси төмөндө:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен

сыйлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

 

II даражадагы «Манас» ордени менен:

 

Алымкулов Карыпбек Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын вице-президенти;

 

Дуйшеев Орозбек Дуйшеевич

 

Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы;

 

Исаков Исмаил Исакович

 

мамлекеттик ишмер;

 

III даражадагы «Манас» ордени менен

 

Мусаев Сыртбай Жолдошович И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун директору;

 

 

 

«Даңк» медалы менен:

 

Батаканова Бурулуш Топчиевна Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун башкы инженери;

 

Зубехина Любовь Матвеевна И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ардактуу профессору;

 

Ишебаев Турдубек

 

Ысык-Көл облусунун «Жети-Өгүз жаңылыгы» гезитинин редактору;

 

Маматов Абдимуктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Тентишев Эркин Саткынбаевич С. Тентишев атындагы Азиялык медициналык институтунун уюштуруучусу;

 

Шаяхметов Искендер Белекович Бишкек шаардык Медициналык тез жардам станциясынын башкы врачы, «Ветераны и инвалиды «Союз Чернобыль» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Е.Б. Якир атындагы         № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплекси

 

Бишкек шаары;

 

берилсин:

 

«Кыргыз Республикасынын эл артисти»

деген ардактуу наам:

 

Берикбаева Хадимага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артистине;

 

Бөдөшов Атайбекке композитор, комузчу, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доцентине;

 

Жумашов Садырбек Кочкорбаевичке А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солистине;

 

Мамытов Бактыбек Камчыбековичке Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору, «Маданият-Тарых-Тил» телеканалы студиясынын редактор-алып баруучусуна;

 

«Кыргыз Республикасынын эл акыны»

деген ардактуу наам:

 

Ааматов Маркабайга акын, котормочу, публицист, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Кыргыз патенттик-техникалык китепканасынын директорунун орун басарына;

 

Жунушов Каныбекке

 

балдар акынына;

 

«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»

деген ардактуу наам:

 

Ким Валерий Аркадьевичке сүрөтчү, живописчи, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

 

Орозматов Кадыркул Осмонкуловичке сүрөтчү, живописчи, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти»

деген ардактуу наам:

 

Абазова Таалайкан Касымалиевнага театр жана кино артисти, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

 

Бекмуратов Саид Казбековичке

 

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин инспектору, биринчи скрипкалар тобунун концертмейстери — жогорку категориядагы  артистине;

 

Жаманбаева Канымжан Кеңешовнага Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият-Тарых-Тил» телеканалынын студиясынын редакторуна;

 

Иманкулов Абдылда Кемеловичке

 

артист, куудулга;

 

Исаков Рысбай Рахмановичке манасчы, «Санат» телекөрсөтүүсүнүн редактору, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фондунун мүчɵсүнө;

 

Карабаев Сакыбек Бейшебековичке Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын жогорку категориядагы режиссеру, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

 

Маадемилов Жумакун Иткулаковичке М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артистине;

 

Омурзакова Гульнара Мукашевнага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солистине;

 

«Кыргыз Республикасынын маданиятына

эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам:

 

Дуванаев Мамырайым Абдуваповичке

 

жазуучуга;

 

Жоробаев Самидинге Ош шаарынын С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын башкы сүрөтчүсүнө;

 

Камчыбеков Маматка Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директоруна;

 

Кɵчɵрбаев Сапарбекке Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук «Жеңиш туусу» гезитинин башкы редакторуна;

 

Курбантаев Каныбек Бекишовичке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башкы оператору, «Мурас» эстрада тобунун негиздɵɵчүсү – музыкалык жетекчисине;

 

Кушубеков Касымга жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана лингвистика экспертизасы бөлүмүнүн секторунун башчысына;

 

Максимова Джайнагулгө Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын баяндамачысына;

 

Мамбеталиев Кубан Ильясовичке публицист, «Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

 

Молдоканов Аалыга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, терминология, жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысына;

 

Сагимбаев Мурат Курманбековичке Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын накталай акча башкармалыгынын сүрөтчү-дизайнерине;

 

Сагынбаев Майрамбек Стамалиевичке Нарын облусунун Жумгал районундагы К. Акиев атындагы «Жумгал» музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссер коюучусуна;

 

Стрельцов Сергей Вениаминовичке А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын хореографына;

 

Сыябекова Сууракулгө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын адабиятты иштеп чыгуу жана каталогдорду уюштуруу бөлүмүнүн башкы китепканачысына;

 

Тилекматов Бакытбек Асанбековичке сценограф, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы сүрɵтчүсү, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

 

Чаландинова Эльмира Садыковнага Бишкек шаарынын Ж. Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин директоруна;

 

Шайдуллаева Топчугүл Жолдошевнага жазуучу, публицист, Борбордук Азия ПЕН-клубунун, «Кыргызстан жазуучулар союзу» жана «Кыргызстан журналисттер союзу» коомдук бирикмелеринин мүчөсүнө;

 

Эрмекбаев Омурбекке Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын телеоператоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы»

деген ардактуу наам:

 

Баетов Насирдин Кукановичке Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-врачына;

 

Джишамбаев Эрнест Джумакадыровичке М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, жүрөк ритминин бузулуусу бөлүмүнүн башчысына;

 

Назаралиева Салтанат Болсунбековнага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы врачынын акушердик жана гинекология боюнча орун басарына;

 

Шайназаров Омүрзакка Ош облусунун Алай аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысына;

 

Шаршембиева Жыпар Жумалиевнага Бишкек шаарынын № 15 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна;

 

Эгембердиев Максат Базаркуловичке Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын көз бөлүмүнүн башчысына;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу»

деген ардактуу наам:

 

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичке «Нур Строй Монтаж» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна;

 

Төрөбеков Кермалы Бейшенбековичке Талас шаарынын «МПМК-Талас» жабык акционердик коомунун төрагасына;

 

Эсенбаев Сарбагыш Мукановичке «Тунук-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими»

деген ардактуу наам:

 

Абдыраимова Бактыгул Дуйшеналиевнага Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын алдындагы Балдар билим берүү борборунун директорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басары, «Манас» жана «Кыргыз тили» ийримдеринин жетекчисине;

 

Алтыбаева Дүйшөгүл Исаковнага Нарын облусунун Ат-Башы районундагы А. Искендеров атындагы орто мектебинин физика мугалимине;

 

Дробышева Татьяна Леонидовнага Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин математика мугалимине;

 

Көчкөнбаева Топчугүлгө Бишкек шаарынын № 68 окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалимине;

 

Сыдыкова Салтанат Намазбековнага Чүй облусунун Аламүдүн районундагы С. Самсалиев атындагы Жогорку-Ала-Арча орто мектебинин орус тили жана адабият мугалимине;

 

Узденова Ханифа Жамаловнага Жалал-Абад шаарынын «Нур-Билим ордосу» мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалимине;

 

Умаров Вахабжанга Ош облусунун Араван районундагы  № 9 «Бостон» орто мектебинин орус тили жана адабият мугалимине;

 

Юсуфжанова Толганой Исакжановнага Жалал-Абад шаарынын Алым Усман атындагы № 7 орто мектебинин тарых мугалимине;

 

«Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер»

деген ардактуу наам:

 

Бокошов Жамгырбекке Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн башчысына;

 

Жоробеков Жолборско Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Фундаменталдык илимдер  институтунун башкы илимий кызматкерине;

 

Касымов Омор Тилегеновичке Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Алдын алуучу медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директоруна;

 

Ормушев Асан Сулаймановичке Эл аралык Кувейт университетинин ректоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Исраилов Азысбек Асымкановичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчисине;

 

Токтошев Аскарбек Сулеймановичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү жана саркынды сууларды агызуу  департаментинин директоруна;

 

Шайымкулов Муратбек Ормоновичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисине;

 

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Кайыков Курманбек Жазыбаевичке Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысына;

 

Тагаев Ысмаил Орозбаевичке Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басарына;

 

«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Айдаркул Каанага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессоруна;

 

Акмолдоева Шайлобубу Бородоевнага Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасынын профессоруна;

 

Зарифьян Анэсс Гургеновичке Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетинин деканы, нормалдуу физиология кафедрасынын башчысына;

 

Наркозиев Аманбек Карашовичке «Кыргызстан эл аралык
университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин чыгыш таануу жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессоруна;
Осмоналиев Акматбекке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана башкаруу кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусуна;

 

Төрөбеков Бекжанга И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору, өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректоруна;

 

Язов Александр Алексеевичке Ош шаарынын «Олимп» мектеп-гимназиясынын директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Борукулов Осмонбай Каримбаевичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жаратылышты пайдалануу жана мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн жетектөөчү адисине;

 

Дуйшеев  Мамадали Айбашовичке Ош облусунун Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркынын директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын өнөр жайына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Арапбаев Азамат Абдуллажановичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

 

Жолдошбаев Камчыбекке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

 

Камчыбеков Дуйшенбек Киргизбаевичке Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын биринчи орун басарына;

 

«Кыргыз Республикасынын байланышына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам

 

Фазылов Азнаур Азизовичке Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун Сервис борборунун начальнигине;

 

«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Алимжанов Орозбекке зоотехник, селекционер, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык мамлекеттик асыл тукум кой заводунун директорунун орун басарына;

 

Байтиков Жанарбек Маметжановичке Талас облусунун Манас районундагы «Мамбетжан Ата Агросервис» айыл чарба кооперативинин жетекчисине;

 

«Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Анаркулов Тургунбайга жеке ишкерге, Ноокен району, Жалал-Абад облусу;

 

Нусупбеков Кылычбек Чекировичке «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору» мекемесинин директоруна;

 

Эргешов Турдумаматка «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомдук бирикмесинин алдындагы «Дыйкан» түштүк окуу-өндүрүштүк ишканасынын директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Иманалиев Токтобек Тыбыновичке Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректоруна;

 

Кулматов Кочкор Заирбековичке Эл аралык олимпиадалык категориядагы судья, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын президиумунун мүчөсүнө;

 

Сабатаров Бейшембек Обокировичке К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия жана аны окутуунун ыкмалары кафедрасынын башчысы, Каракол шаардык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин бокс боюнча машыктыруучусуна;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 

Абдраев Алмазбек Кошоевич «Текстиль Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү;

 

Абдылдаев Эркинбек Абдрасулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын директору;

 

Абдылдаева Жаңыл Убариковна «Бекен» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Нарын шаары;

 

Абдырахманов Садир Талиевич Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук айылынын айыл башы;

 

Айдаралиева Минал Мамбетовна Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;

 

Акматов Алмазбек Жумабекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Алиев Абдыганы Турдумаматович Ош облусунун Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

 

Алиева Алтынбүбү Жумакадыровна Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Жумагулов атындагы орто мектебинин математика мугалими;

 

Аматов Момунали Маширапович Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Т. Суранбаев атындагы «Кара-Гуз» орто мектебинин англис тили мугалими;

 

Анохина Наталья Алексеевна Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын инженер-агрометеорологу;

 

Арстанбеков Нематила Абдуллаевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын нейротравма алган жана нейрохирургиялык бейтаптарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы;

 

Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Суу ресурстарын жана объекттерин контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;

 

Арынова Зарылбүбү Рыспековна Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун физиотерапевти;

 

Асанов Иманакун Нарын облустук өспүрүмдөр спорт мектебинин улук методисти;

 

Байбосова Болдукан Абдыкадыровна «Кант-Сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы технологу;

 

Баймуратов Калдарбек Шакирович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Балтабаева Ира Камантуловна «Сейтек» балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун директорунун орун басары;

 

Бейшеев Джолдошбек Арзыкулович Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын административдик-чарбалык бөлүмүнүн начальниги, «Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы;

 

Беков Мухамедалы Жумагазиевич Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун анестезиология жана реаниматология бөлүмүнүн башчысы;

 

Бекчороева Эркинбүбү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Д. Иманов атындагы орто мектебинин кол эмгек сабагынын мугалими;

 

Боронова Жумагүл Ысакбаевна Ош облусунун Ноокат районунун «Алтын-Казык» орто мектебинин математика мугалими;

 

Гафуров Тахир Рафхатович Көз карандысыз Бишкек телеберүүсүнүн спорт жаңылыктарынын координатору;

 

Джуматаева Гулнура Муратовна Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;

 

Жалиев Таштемир Раимжанович Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын «ЭлFМ» радиосунун директору;

 

Жолдошов Расул мамлекеттик жана коомдук ишмер;

 

Жунушалиев Асанкул Самилович Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн алдындагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин «Манас» эпосу музейинин директору;

 

Жусанов Акылбек Осмонович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун мобилдик инженердик механизациялаштырылган отрядынын айдоочусу;

 

Имашова Альбина Турдугуловна Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Калматова Сонунбубу Абдырахмановна Бишкек шаарынын № 89 орто мектебинин адеп мугалими, «Өзгөчө» этно-фольклордук тобунун жетекчиси;

 

Каныметова Чолпон Мусулимовна Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн медайымы;

 

Капаров Раимберди Жалал-Абад облусунун Г.А. Атабекова атындагы Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы;

 

Каск Светлана Яновна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы штабынын инспекциялоо, уюштуруу жана контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору;

 

Кебекчиева Жээнбү Мамаевна Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси;

 

Колдошов Түмөнбай Рахманович обончу, аткаруучу, Ош мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия маселелери боюнча проректору;

 

Кольбаев Усен Асанбекович Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо» маалыматтык программасынын баяндамачысы;

 

Коробаева Бубу Ы. Туманов атындагы Ысык-Кɵл мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокал өнөрү бɵлүмүнүн жетекчиси;

 

Кулматов Алмаз Окинович

 

коомдук ишмер;

 

Куменов Аскарбек Иманкулович Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамблинин артисти;

 

Куренкеева Акбермет Муратбековна Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Кыргыз мамлекеттик «Ак Марал» бий ансамблинин жогорку категориядагы балет артисти;

 

Макеев Садырбек «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

 

Мамаражапова Марзихан Курсановна Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ак-Суу орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими;

 

Мамбетомуров Дуйшеналы «Санат» телерадиокомпаниясынын шеф-редактору, кабарчысы;

 

Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич «Алайку Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

 

Мамытов Эламан Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Этномаданият, ат спорт индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору;

 

Масаитов Кубанычбек Исмаилович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;

 

Матназарова Токтобү Досбаевна «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалы — Токтогул ГЭС Каскадынын Токтогул ГЭС электржабдуулары боюнча 4-разряддагы электрслесары;

 

Мергенбаева Салтанат Рапыковна Баткен облусунун Кадамжай районундагы С. Айни атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими;

 

Момуналиев Анарбек Ашымбекович Кыргыз Республикасынын Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын өндүрүштүк графика дизайны кафедрасынын башчысы, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

 

Мукамбетов Джеенбек Батталович Азиялык армрестлинг федерациясынын президенти;

 

Мураталиев Тилек Тологонович «Кинохроника» документалдуу фильмдер студиясынын кинорежиссёру, сценаристи, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Мусаева Назгул Беишекеевна Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку категориядагы режиссеру;

 

Нуралиева Марта Айнабековна

 

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ч. Айтматов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими;

 

Нурматов Кубанычбек Советович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Омурзаков Кеңешбек Эргешович Ош облусунун Өзгөн районунун Суу чарба башкармалыгынын начальниги;

 

Осумбеков Байышбек Зияйдинович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облустар аралык бириктирилген № 2 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы;

 

Рыскулов Самарбек Курманалиевич М. Рыскулов атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Жогорку магистратура мектебинин директору;

 

Сабурова Увадат Бороковна Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы;

 

Салиев Камчыбек Жаныбекович Ош облустук мамлекеттик архивинин директору;

 

Саримсаков Адилкан Азимжанович М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин табыгый-техникалык факультетинин деканы;

 

Сейдесинова Канымбубу Бакировна Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин математика мугалими;

 

Стамкулова Улбубю Музулумовна Талас облусунун Кара-Буура районундагы  № 3 Көк-Сай үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси;

 

Султангазиев Расул Абалиевич «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинин башкы врачынын орун басары – башкы хирургу;

 

Сыдыкбекова Гулнара Советбековна Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин музыканты;

 

Ташполотова Марпат Жалиловна Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

 

Тиленбаева Асылкан Бишкек шаарынын № 2 стоматологиялык бейтапканасынын врач-стоматологу;

 

Токтоболотова Жылдыз Бакасовна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын начальниги;

 

Токтоназаров Кубанычбек Камбарбекович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука педагогикалык колледжинин математика окутуучусу;

 

Толонова Калбү

Айтмаматовна

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы, Момбеков айылдык кеңешинин депутаты;

 

Торобеков Нурдин Кулпубекович Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы үн режиссеру;

 

Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповна Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

 

Турганбаева Эрмекбүбү Нарын облусунун Кочкор райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун акушер-гинеколог врачы;

 

Уметов Кадырбек Акунович Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин мамлекет жана укук теориясы кафедрасынын доценти, «Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы;

 

Чаргынбаев Кабылбек Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык № 35 жол-пайдалануу ишканасынын жол кызматкерлеринин бригадири;

 

Чоңатаева Саламат Баткен облустук гимназия-мектеп-интернатынын химия жана биология мугалими;

 

Шаршебаев Азим Чолумканович обончу, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамблинин артисти;

 

Энкебаева Гульнура Турарбековна Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Н. Түгелов атындагы мамлекеттик «Ак Марал» бий ансамблинин балет артисти.

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                       С.Ш. Жээнбеков

 

Copyright © 2017 Maral FM