Биз менен байланышыңыз

Улан Эгизбаевдин атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 654 | 0

Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкка мыкты иликтөөлөргө сынак жарыяланды. Аны Журналисттик иликтөөлөр фонду жарыялады.

Сынакка журналисттер, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана журналисттик иликтөө менен алектенгендер катыша алышат.

Өлкөдөгү иликтөө журналистикасын өнүктүрүүгө салым кошуу максатындагы сынакка   2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан материалдар катышат. Сыйлыктын фонду 100 миң сом. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом менен сыйланат.

Сынакка катышууну каалагандар Журналисттик иликтөөлөр фондунун сайтындагы арыз тиркемесин толтуруп, «Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка» деген аталыш менен jif@jif.kg электрондук дарегине жиберсе болот.

Эске салсак, «Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду быйыл 14-сентябрда ишке киришкен.

Copyright © 2017 Maral FM