Биз менен байланышыңыз

Трамп оппозицияны опузалады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 527 | 0

Американын Мексика менен чектешкен түштүк чек арасы толук бойдон дубал менен тосулат. Мындай эскертүүсүн АКШ нын президенти Дональд Трамп билдирди.

Анын айтымында, эгер парламенттеги оппозициялык Демократиялык партиясы чек аранын үчтөн бирин дубал менен тосуунун бюджетин бекитип бербесе, аны толук бойдон тосуп коет. Ал үчүн миграция маселесинде эч кандай чара көрбөй жаткан Туштүк Америка өлколөрдүнө берилчү жардамды токтотуп, ал каражатты дубал курууга жумшайт.

Анын пикиринде демократтар өлкөнүн коопсуздугун ойлобостон, өз принциптерине турушууда.

Эске салсак, Американын Мексика менен чектешкен тарабы ар дайым мыйзамсыз мигранттар жана аткезчилик боюнча абдан активдүүлугун көрсөтүп келет. Өзгөчө Түштүк Америка өлколөрүнөн барган мигранттар бул чек арадан качып өтүп, өлкөгө киришет.  Трамптын тпрезиденттикке талапкерлиги учурунда берген негизги убадаларынын бири бул чек араны темир дубал менен тосуу иши болчу.

Copyright © 2017 Maral FM