Биз менен байланышыңыз

ШКУнун бюджети ратификацияланды

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 504 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) бюджетин тузүү жана аткаруунун тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Аталган келишимге 2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган болчу. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул мыйзам ушул жылдын 22-ноябрында кабыл алынган болчу.

Бул келишим ШКУнун бюджетин тузүү жана аткаруунун тартибин аныктап, өлкөлөрдүн төлөй турган мүчөлүк акыларынын өлчөмүн бекитет. Буга ылайык Кыргызстандын мүчөлүк акысы уюмдун бюджетинин 8.8%ын түзөт.

Жаңы келишим ишке кирери менен 2003-жылы кол коюлган эски келишим күчүн жоготот. Бул мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта он күн ичинде кучүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM