Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдин талабына төп келген жумурткалар чыгат

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 545 | 0

Ушул жылдын декабрь айынан тарта Сокулуктагы «Ак куу» тоок фабрикасы Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп берген стандартта жумурткаларды маркировака кылуучу жабдыкты ишке киргизди. Эми фабриканын продукциялары анын сапаты, чыгарылган күнү жана башка талап кылынган маалыматтарды камтыган эн белгиси менен чыга баштайт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров аталган ишкананы зыярат кылган учурда маалым болду.

«Маркировака-барынан мурда ар бир товардын сапатынын кепилдиги, анын мамлекеттик жана башка стандартка жооп берерин билдирген белгиси. Эл сатып алып жаткан азыгынын сапатын, маңызын жакшы билүүсү керек. ЕАЭБ өлкөлөрү менен интергациянын натыйжасында ондүрүлгөн ар бир продукция маркировакаланат. Бул аларды көзөмөлдөп турууга жана текшерүүчү органдар үчүн аткезчилик менен күрөшүүгө өбөлгө түзүп, ичи сыртына төп келбеген товарларды жоюуга жардам берет», деди Аскаров.

Эске салсак, ЕАЭБ 2015-жылы түзүлүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения жана Беларусия өлкөлөрү кирет. Биримдиктин ичинде эркин соода аймагын тузүү үчүн азыктардын бирдиктүү стандарты каралган. Ага жооп берген продукциялар гана ЕАЭБдин базарына чыга алат.

Copyright © 2017 Maral FM