Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: 2019 саясий чыңалуунун жылы болот

Пикирлер | 27 Дек 2018 | 807 | 0

2018-жылы өлкөдө маанилүү саясий өзгөрүүлөр болду. Алсак, күчтүү жарандык коом, басма сөз эркиндиги түзүлүп, бийлик ЖМК, жарандык коомдун өкүлдөрү менен кызматташты. Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу демократия өнүктү. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Жээнбеков быйыл саясий процесске аралашпай жүргөн адамдар активдүүлүгүн көрсөтө баштаганын айтат.

Анын пикиринде, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк саясатчылар менен мамилесин үзгөн соң андан басым көргөн саясатчылар жаңы президент Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөткөн. Андыктан саясий өңүттөн караганда, 2018-жыл президент үчүн оңой болгон.

«Бул жыл күтүү менен өттү. Үмүттөрдүн айрымдары акталды. Өлкө башчыны бардык саясатчылар колдон келишинче колдошту. Бирок ал колдоо 2019-жылы башка нерсеге өзгөрөт. Өкмөткө, бийликке басым күчөйт. Кийинки жылы азыр башталган нерселер динамикалуу түрдө өнүгөт. 2019 саясий чыңалуунун жылы болот. Мурда корккон, унчукпаган саясатчылар активдүү аралаша баштайт. Коом дагы канчалык эркин болсо саясий процесстерге ошончолдук активдүү катышат», — дейт Жээнбеков.

Жээнбеков саясатта абал курчуп, саясатычылар активдүү боло баштагандыктан, өлкө башчы алар менен тил табышууга аракет кылып жатканын белгиледи.

«Азыркы бийликтин абалы мурдагы бийликке караганда оор. Бул жылы экономика кескин начарлады, айлык акы, пенсия өспөй калды. Бийликке таасири чоң болгон Орусиядан да жардам келбей жатат. Европа көңүл бөлбөй калды. Өкмөт Европа өлкөлөрү менен иштешейин дегенде, кылчактап Орусияны карап калууда», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM