Биз менен байланышыңыз

Сариев: Ажолор жолун таап, баарын жаңы барактан башташы керек

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 822 | 0

Тирешүүдөн эч кандай утуш болбойт. Ажолор жолун таап, жаңы баракка келиши керек. Мындай пикирин мурунку премьер-министр Темир Сариев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укутарынын негизинде саясатын жүргүзүшү зарыл. Ал эми Алмазбек Атамбаев экс-президент статусун алып, чыдап отурушу керек. Атамбаевдин эрегишип, бир нерсе айтканынан майнап чыкпайт.

«Биз мамлекетти ойлойлу. Митингге жол бербөө зарыл. Митинг баштасак, өнүгүүгө тоскоол болот. Кыргызстан үчүн бийликтин тазалыгы маанилүү. Өлкө ар бир адамдын эмгеги, туруктуулук болгондо гана өнүгөт. Болуп жаткан туура эмес иштер үчүн парламентте трибуна бар. Оппозициялык фракциялар чечилбеген маселелерди айтышы зарыл» — дейт Сариев.

Ал Жээнбеков ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда, Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Атамбаевдин «Апрель» телеканалына берген маегине жооп кайтарганын белгиледи.

«Президент тарабынан ар бирин териштирип отуруу туура эмес. Ансыз да социалдык тармактын бары ушак-айың менен толуп кетти. Мындайдан АКШ лидеринин дагы айласы кетүүдө», — дейт экс-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM