Биз менен байланышыңыз

«Коррупция менен күрөш тандалма эмес, бирок саясий боёк бар»

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 886 | 0

Коррупция менен күрөш тандалма эмес, бирок саясий боёк бар. Мындай пикирин мурунку премьер-министр Темир Сариев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бир гана камоо менен коррупцияны жоюу мүмкүн эмес. Мыйзам негизинде паракорчулуктун булагын жоё турган принцип киргизүү зарыл.

«Бирдиктүү терезелерди ачып, мамлекттик тейлөөнүн баары электрондук форматка өтүшү керек. Эч ким чиновниктин артынан чуркап жүрбөсүн. Ишкерлерге ынгайлуу шарт түзүп, аткарыла турган регламенттерди жазсак, коррупциянын формалары азаят», — дейт Сариев.

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун Конституция боюнча көз карашын туура деп эсептейт.

«Өлкө башчылардын Конститцуцияны өзгөртүү менен өлкөнү өнүктүрөм дегени туура эмес. Ар бир адам мыйзамга ылайык өзгөрүп иштеши керек. Бир нерсени толук түшүнүп, катачылыктарды билүү үчүн иштөө мөөнөтү керек. Болбосо бийлик да, система да өзгөрбөйт«, — дейт экс-премьер-министр.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттинин 80 жылдыгына арналган илимий конференцияда учурда Баш мыйзамды өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM