Биз менен байланышыңыз

Сириялыктар мекенине кайтууда

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 694 | 0

Миңдеген сириялыктар массалык түрдө мекенине кайтууда. Акыркы бир суткада эки миңден ашуун сириялык чек арадан өлкөгө киришкен. Бул тууралуу Сириянын Качкындарды тейлөө борбору маалымат таратты.

Жети жылдан бери өчпөгөн согуш оту миллиондогон сириялыкты мекенин таштап чет өлкөлөргө качууга аргасыз кылган. Алар Ливан, Түркия, Иордания жана Европа өлкөлөрүнө баш калкалашкан. Акыркы кездердеги өлкөдөгү тынчтык келишиминин ишке ашып, террордук топтордун сыртка сүрүлүшүнөн кийин жардыруулар дээрлик азайып, тургундардын өз үйлөрүнө кайтуусуна шарт тузүлдү.

Акыркы беш айда жалпысынан 76 миңден ашуун сириялык өлкөгө кайтканы маалым болду.

Эске салсак, 2011-жылы тутанган согушту жөнгө салуу жүйөсү менен бир нече мамлекет өзүнүн күч түзүмдөрүн Сирияга киргизишкен. АКШ, Израиль, Түркия жана Орусиянын аскерлери учурда аймакта өз иштерин алып барууда. Бул апта Америка Сириядагы террордук ИШИМ тобун жеңгенин жарыялап, өз аскерлерин чыгарып кетүү боюнча документке кол койду. Бир нече аптада алар толугу менен өлкөнү таштап кетишмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM