Биз менен байланышыңыз

Коомдук жайда маданиятты сактаңыз. Айып пулдар эселеп өстү

Коом | 25 Дек 2018 | 1507 | 0

2019-жылдын 1-январынан тартып «Бузуулар жөнүндө» кодекс күчүнө кирет. Бишкек шаарында коомдук жайларда түкүргөн жарандарга 5 500 сомдон айып салына баштайт.

«Бузуулар жөнүндө» кодекске кирген өзгөртүүлөргө эми ар бир Кыргызстандык дыкат көңүл бурушу керек. Тагыраагы, коомдук жайларда маданиятты сактабасаңыз, чөнтөгүңүздүн кантип кагылганын байкабай калышыңыз мүмкүн. Анткени 2019-жылдын 1-январынан тарта айып пулдардын көлөмү эселеп жогорулайт.

Мисалы, кодекстин 66-беренесинде көп кабаттуу үйдүн кире беришине же жер төлөөгө таштанды калтырсаңыз, 3 миң сом айып салынат. А лифтке зыян келтиргендерге 3 миң сом каралган.  Мындан тышкары көп кабаттуу үйдө жашап, батириңизде ишкердик кылганыңыз коңшуларыңызга жакпаса, 5500 сом айыпты төлөп коюңуз. Коомдук жайларда түкүргөндөргө болсо, 5 500 сомдон айып салына баштаарын мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Азат Ракымов эскертти. Бирок азырынча аны ким текшерүүгө алаары белгисиз.

Кодекстин 71-беренесине ылайык, белгиленбеген жерге таштандыларды таштоо жана өртөө ошондой эле түкүрүү боюнча 5 миң 500 сомдук айып, ал эми юридикалык жак үчүн 17 миң сомду түзөт. Ал эми белгиленбеген жерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо жана жалбырактарды өртөө жеке адамдар үчүн 7,5 миң сом. Юридикалык жактар үчүн 23 миң сом деп эсептелген. Бирок түкүргөндөрдү көзөмөлгө ала турган орган азырынча аныктала элек.  

Буга кошумча ит же мышык алып жүрүүдөгү эреже сакталбаса 1000 сом;

-Өзүм билемдик менен жер участогун кеңейтип алгандарга 1000 сом;

-Милицияга, өрт өчүрүү кызматын жана тез жардамга жалган чакыруу болсо 5500 сом;

-Ата-энелик милдеттерин так аткарбаган ата-энелерге 1000ден 7500 сомго чейин;

-Коомдук жайларда тамеки чеккендерге 1000 сом;

-Көчөлөрдөгү люктарды ачкандарга 1000 сом өлчөмүндө айыппул салынмакчы. Мындай тартип саналуу күндөн кийин кирет делгени менен көпчүлүк шаар тургундарынын кабары жок. Ошондуктан тартипти киргизерден алдын элге эскертүү берүүгө чакырышат.

Айып пулду киргизээрден мурун элге кабар берип кулактандыруу жасалууга тийиш. Эл билбесе эмнеге айып пулду төлөшү керек?!

-Бир түкүрүк үчүн 5,5 миң сомду төлөй албайм. Өзүм бир айда араң 5 миң сом табам.

-Албетте бул демилгени колдойм! Бир эле айып пул эмес көчөгө тантанды ыргытып, түкүргөндөрдү соттош керек.Түрмөгө бир аз отуруп ойлонсун да.

-Түкүрөбүз. Бирок жөн эле эмес да… Ар кандай кырдаал чыгат. Эми тыюу салса, насвай чеккендер эмне болот? Мен буга каршымын.

-Күнүгө көчөө шыпырам. Карап турсам баары эле чыгып түкүрүшөт. Айтсаң жаман көрөт. Анан унчукпай эле калам. Ошондуктан демилгенин киргени жакшы.Чөнтөгүн ойлосо түкүрбөсүн.

Кодексти Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов дагы карап чыкты. Бирок толуктай турган жерлери көп экенин белгилеп, эгер ушул боюнча иш алып барылса, коррупциянын гүлдөшүнө алып келерин айтууда. Мунун негизги себеби айлык акы менен айып пул суммасындагы чоң айырмачылык бар.

Айып пулдун жогору болгону коррупцияга алып келтши мүмкүн деген кооптонуу бар. Себеби ал жерде тартип коргоочулар айып пулга жыгылган адамдарды кечирүү максатында ушул жолго барышы ыктымал. Себеби маянанын айып пулдан ылдый болгону фактор болуп эсептелет. Бул жерде анализ толук жасалган эмес.  

Анткен менен, буга чейин коомчулукту маданиятка чакырган демилгенин ишке ашышын көпчүлүк колдоого алып жатат. Анын арасында «Түкүрбө» акциясын үч жылдан бери өткөрүп келаткан активист Куштар Мамыталиев дагы бар. Айып пулдун киргизилиши элдин маданиятын көтөрүүгө чоң өбөлгө болуп берерин «Маралга» айтты.

Бул биздин көп жылдан берки аракетибиздин ийгилиги деп билем. Биз көтөрүп отуруп ушуга жетти. Биз көтөрбөсөк депутаттар деле унчугушмак эмес. Элди маданиятка үндөөдөн конкреттүү ишке өтүп жатабыз. Бул мени кубандырып жатат. Алдыда тургундардын аң-сезимине тазалык жөнүндө сиңирип алсак, ар бирибиз үчүн эле пайдалуу болот. Шаарыбыз тазаланат.

2016-жылы активист кыргызстандыктарга кайрылып, «Түкүрбө» акциясын баштаган. Анда коомдук жайларга маалыматтарды чаптап чыккан. Бул демилге коом тараптан колдоого алынып келет.

Copyright © 2017 Maral FM