Биз менен байланышыңыз

Казакпаев: Эл парламентке ишенбейт

Пикирлер | 25 Дек 2018 | 665 | 0

Саясат талдоочу Марат Казакпаев “Марал” радиосуна берген маегинде ажолордун ортосундагы окуя мындан ары кандай өнүгөрү кызык экенин билдирди.

«Ажолор ортосундагы талаш уланып жатканы баарына маалым. Бул албетте, өкүнүчтүү, бирок окуя мындан ары кандай өнүгөрү кызык. Менимче, экс-президент күрөштү улантат. Бирок ал саясатка аралашпай, башка нерселер менен алек болгону туура деп эсептейм», — дейт Казакпаев.

Анын айтымында, жарандык коомдун басымы менен саясатчылар өзүн тартипке салып калган.

“Бирок саясий мамиледе Жогорку Кеңештин депуттарынын деңгээли жогорулап, профессионалдуу саясатчы болуп кетишти деп айта албайбыз. Анын биринчи фактору эл парламентке ишенбейт. Эл өзү — оппозиция. Төрага чоң саясий роль ойношу керек. Бирок ал чыныгы саясатчы боло элек. Бул жерде депуттардын тандоосунда да көйгөй бар«, — дейт Казакпаев.

Copyright © 2017 Maral FM