Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: 2018-жылы саясий окуялар көп болду

Пикирлер | 25 Дек 2018 | 612 | 0

Саясат таануучу Алмаз Тажыбай “Марал” радиосуна берген маегинде 2018-жылы Кыргызстанда саясий окуялар көп болгонун белгиледи.

Анын айтымында, бул жылы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев кетирген катачылыктарды оңдоого жетишкен. Жээнбеков бийлигин бекемдеп, аброюн жогорулата алган.

“Өлкө башчы Түркия, Казакстан менен мамилелерди жакшыртууга жетишти. Жээнбеков эл менен сүйлөшүп, жарандык коомдун, бизнес чөйрөсүнүн, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Коррупция менен күрөшүп жатат. Жаңы жылдан тарта жаңы мыйзамдар, кодекстер иштей баштайт. Тоок уурдагандар паракорчулар менен бирге түрмөдө отурбайт, көчөдө түкүргөндөргө айып пул салынат”, — дейт Тажыбай.

Тажыбай Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын өтүшү менен өлкөнүн имиджи көтөрүлгөнүн белгилейт.

“Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын бир топ өлкөлөрдө белгиленди. Өзбектер жазуучунун чыгармасынын негизинде кино тартышты. Мамлекет жетиштүү каражат бөлбөгөнүнө карабай кыргыз киносу сандан сапатка өтө баштады. Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын 25 жылдыгын белгиледи. Буга кошумча спорт жаатында дагы ийгиликтерибиз бар”, — дейт саясат таануучу.

Copyright © 2017 Maral FM