Connect with us

Банктар менен Финчалгындоо бир пикирге келди

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 598 | 0
Банктар менен Финчалгындоо кызматы кардарлардын банктагы өздүк маалыматтарын берүү тууралуу бир пикирге келишти. Бул тууралуу ЖКтин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда маалым болду.
Кыргызстандын Банктар союзунун жетекчиси Анвар Абдраевдин билдиришинче өкмөт башчы жаңы токтомго кол койду.

«Банктар менен финчалгындоо кызматынын ортосунда мамлекеттик органдардын ортосундагы мындай резонанс жараткан ыңгайсыз жагдайларга дуушар болбоо максатында макулдашуу ишке ашты. Алдыда финчалгындоо кызматы менен актуалдуу маселелерди дагы сүйлөшөбүз деген үмүттөмүн. Ушуну менен чырлуу маселеге чекит коюлуп, компромисске келдик»,-деди ал.

Финчалгындоо кызматынын башчысы Гуламжан Анарбаев дагы муну тастыктап, дал ушул чуу үчүн сөгүш алганын белгиледи.

Эске салсак, өткөн аптада Мамлекеттик финчалгындоо кызматы коммерциялык банктардан кардарлардын өздук маалыматтарын талап кылганы маалым болгон. Бирок эксперттер, юристтер, Банктар союзу, Экономика министрлиги жана Улуттук банк бул талаптын мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан. Натыйжада чалгын кызматы айыпты мойнуна алып, кардарлардын бирдиктүү реестрин түзүү ишин Улуттук банк менен карай турганын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM