Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Канатбек Тургунбеков дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми мурдагы башчы Гуламжан Анарбаев салтанаттуу түрдө узатылды.
Өз кезегинде Анарбаев, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында иштеген кезиндеги баардык жетишкендиктерге токтолуп, бул ийгиликтер жалпы жааматтын эмгеги экенин белгиледи.