Биз менен байланышыңыз

Кабулдагы теракттан 43 киши набыт кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 491 | 0

24-декабрь күнкү Афганистандын Кабул шаарындагы мамлекеттик мекеменин ичиндеги жардыруудан 43 киши мерт кетти. Дагы он адам жаракат алды. Бул тууралуу Афганистандын Саламаттыкты сактоо министри Вахид Мажрух кабарлады.

Кечээ  Афганистандын Комдук иштер боюнча министрлигинин имаратына үч куралчан террорист аткылап кирип келип, бир топ кызматкерди туткунга алып, жардырышкан. Өкмөттүк күч түзүмдөр жан кечтилерди жок кылып, туткундарды куткарганы айтылууда.

Бирок анын курмандыктары кечээ 23 делгени менен чынында 43 кишинин өмүрүн алганы маалым болду.

Эске салсак, Афганистандын түндүк райондорунда бийлик жүргүзгөн Талибан террордук тобу маал-маалы менен терракттарды уюштуруп, өкмөткө кол салып келет. Мындай кагылышуулар 2004-жылы аймакта Талибан тобунун пайда болушу менен башталган. Өткөн апта Американын бир катар чиновниктери Талибан уюмунун башчылары менен жолугушкан. Бирок сүйлөшүүгө афган тарап чакырылбагандыктан афган коомдук түйүндөрүндө АКШ террордун жок болуусуна эмес, күч алуусуна кызыкдар деген пикир жайылды.

Copyright © 2017 Maral FM