Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы цунаминин курмандыктары көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 612 | 0

Индонезиядагы цунаминин натыйжасында набыт болгондордун саны 370тен ашты. Ал эми дайынсыз жоголгондор 120дан, жарадардал 1500дөн ашты. Бул тууралуу Индонезиянын Табигый кырсыктарга каршы кызматы маалымдады.

Анак-Кракатау жанар тоосунун атылуусунун натыйжасында пайда болгон цунами күтүүсүздөн келген үчүн, алдын ала чаралар көрүлбөй калган. Метеорология, климат жана геофизика агенттигинин атайын сенсордук аппараттары цунамини толкундар жээкке урганда гана эскерткен. Анкени алар демейде цунамиге алып келчү жер тиритөөнү текшерүүгө ылайыкташкан үчүн, жанар тоонун кыймылын сезген эмес.

Буга ылайык өлкө президенти Жоко Видодо жанар тоо коркунучун жана цунамини эскертүүчү жаңы технология колдонууну тиешелүү органга тапшырды, бирок кандай механизм колдонулары азырынча беймаалым.

Кырсыктын курмандыктары тууралуу сандар акыркы жыйынтык эместиги анык. Анткени издөө жана калыбына келтирүү иштери жай болууда. Буга кайра кайталануусу күтүлүп жаткан жанар тоо коркунучу да себеп болууда.

Эске салсак, Индонезияда быйылкы жыл кырсыктуу болду. Сентябрь айындагы цунамиден 1000ден ашуун адам каза болсо, кийин вулкан атылды, анын артынан жүргүнчү учагы деңизге кулап, ичиндеги 189 кишинин бары курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM