Connect with us

Цирктин жетекчилигине бир нече талапкер каралууда

Без рубрики , Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 873 | 0

Цирктин жетекчилигине бир нече талапкер каралууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында учурда директорлукка бирөөнү жылдыруу кыйынга турууда.

«Мен керек болсо чет элдик талапкерлерди да карап жатам. Кимдин тандалары жакынкы күндөрү маалым болот, азырынча аныктай элекпиз. Менин оюмча, директор менен бирге  бир команданы тузүү зарыл болот. Анткени цирктин ишин калыбына келтирүү бир кишинин колунан келбей калат»,-деди министр.

Ошондой эле арендага берилчү имараттар боюнча жаңы жетекчи иш алып барарын, ага өзү жардам берерин да кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM