Connect with us

Индонезия: Цунамиден 280 киши набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 594 | 0

Индонезияда Зонд кысыгынын жээктеринде кайрадан ири цунами катталып, кеминде 280 киши набыт, 1016 жарадар жана 57 киши дайынсыз болууда.  Бул тууралуу Индонезиянын Табигый кырсыктардын алдын алуу кызматы маалымдады.

Кырсык Анак-Кракатау жанар тоосунун атылуусунан кийин деңиз жээгинде жер көчкү жүрүүүсүнөн улам болгону айтылууда. Жанар тоо 400 метрге чейин атылганы кабарланды.

Жергиликтүү бийлик жарандарды жээктен 2 кмге чейин узак болууга чакырууда.

Эске салсак, Анак-Кракатау жанар тоосу 1928-жылы пайда болуп, 1983-жылкы катуу атылуудан кийин жоголуп кеткен. 1983-жылдагы атылууда бийиктиги 20 кмге жетип, анын үнү 4.5 миң км узактагы Австралия жана Маврикияга чейин угулган. Жанар тоого жакынкы аймактарда эки сутка бою караңгылык каптап, анын кесепети дүйнөлүк климатка бир нече жылга чейин таасир этип турган. Аталган тоо ушул жылдын июль айларынан тарта атыла баштаган.

Индонезия тектоникалык активдүү плитада жайгашкандыктан аймакта жер титрөө жана цунами кырсыктары байма-бай катталып турат. 2004-жылдагы ири цунами аймактагы 14 өлкөдө 250миңге чукул адамдын өмүрүн алган. Ал эми Индонезияда ушул жылдын сентябрь айында болгон цунамиден Сулавеси аралындагы Палу шаары тегиз кыйраган.

Copyright © 2017 Maral FM