Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 22 Дек 2018 | 765 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын кызматкарлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда бул тармак өлкөнүн экономикасынын негизи экенин белгилеп, өкмөт бул жаатты өнүктүрүүгө маани берерин айткан.

«Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоору активдүү фазада турат, анын алкагында 2018-жылы күч трансформаторлорун, 500 кВ кабелдик линияларды, ошондой эле энергия блокторунда көмөкчү электр-механикалык жабдуулар алмаштырылды,-деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары, Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлгөнүн айтты.

Өлкөнү жарык менен камсыз кылууда жана энергетика тармагын жакшыртууда кызматкерлердин салымы чоң экендигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 22-декабрь – энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Copyright © 2017 Maral FM