Биз менен байланышыңыз

«Мен да бийликти сүйлөп кетсем жаштар саясаттан түңүлмөк»

Пикирлер | 21 Дек 2018 | 712 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаштардын атынан парламентке келген депутат катары өзүн жаштарга оюн айтуусуна шарт түзүп берүүгө милдеттүү деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал жаштардын арасында адилеттүүлүк тууралуу баарлашкандар, өз алдынча иштеп жүргөндөр басымдуу экенин айтат.

«Жаштар менен жолугушуп келгендин өзү жакшы. Өзүмө окшогон 4-5 баланы алып келип депутат болсо кандай иштерди жасамаксыңар деп идеяларын жазуусун сунуштадым. Майда бирок маанилүү нерселерди жасасак болот экен. Аймактагы жаштарды көрүп аябай сүйүндүм. Мен дүйнөлүк саясатты карап, аналитикаларды окуп турам. Менин саясатка келүүмө эки жол, тагыраагы, калыс пикир айтуу же бийликти жактоо болду. Мен да бийликти сүйлөп кетсем, жаштар саясаттан түңүлмөк. Жаштарга үмүт берейин деген ой менен калыс пикримди айтууну тандап алдым«, — дейт Акаев.

Акаев журналист болуп жүргөндө депуттар тууралуу көп сын айтканын эскерип, бирок парламентке келгенде өз башыма түшкөнүн, эл өкүлдөрү коомдун бардык катмарына жагуусу татаал иш экенин белгиледи.

«Журналисттин милдети — көйгөйдү айтып чыгуу. Ал эми депутаттар аны жоюу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу. Кээде 3 кишиге жардам берсең да кубанып каласың. Айрым учурда өкмөттө акча жок болгондуктан колдоо көрсөтө албай каласың. Мындайда адамдар түшүнбөй калышы мүмкүн. Депутаттардан каржылык жардам сурагандар көп болот. Аларга колдоо көрсөтө албай калганда өкүнүп, мага болгон ишеними азайды го деп калам. «Сотко чалып, чыгартып койчу» деген адамдар да кездешет», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, КТРКга баруу оюнда жок экенин, бирок бул тууралуу саясий чөйрөдө сөз болгонун айтат. Акаев парламентте депутат болуп турганы кыргыз коомуна көбүрөөк пайдалуу болорун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM