Биз менен байланышыңыз

Матраимов менен өкмөттүн соту 28-декабрда уланат

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 980 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча соттук отурум 28-декабрда улана турган болду.

Бишкек шаардык сотунда өткөн 20-декабрдагы отурумда судья документтердин түп нускасын талап кылды. Сот өкмөттүн аппеляциялык доо-арызынын негизинде жүрүүдө.

Эске салсак, «Раим миллион» каймана аты менен белгилүү болгон Матраимов ушул жылдын 26-апрелинде Биринчи май райондук сотуна өзүн негизсиз кызматтан алганы үчүн өкмөт менен МБКын үстүнөн арыз жазган. Биринчи май райондук соту анын арызын канааттандырып, кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Бирок бул чечимге нааразы болгон өкмөт аппеляциялык арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM